Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Жаштар жана спорт боюнча жооптуу министрлеринин 9-жыйыны 2025-жылдын 17-октябрында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында болуп өттү.
ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев жыйында сүйлөгөн сөзүндө 2025-жыл бою жаштар жана спорт тармагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Ал бул багыттагы конкреттүү долбоорлорго жана демилгелерге көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иштер түрк дүйнөсүндөгү жаштардын ынтымагын жана биримдигин мындан ары да чыңдай турганын баса белгиледи.












