Максаттар
Айыл чарба тармагындагы кызматташтык – азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну жакшыртууга кызмат кылган, заманбап жана инновациялык туруктуу айыл чарба ыкмаларын колдогон, социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон жана ТМУга мүчө-мамлекеттеринин ортосунда айыл чарба продукцияларынын соодасын жеңилдеткен ТМУнун (Түрк мамлекеттер уюму) маанилүү иш багыттарынын бири болуп эсептелет.
Механизмдер
Уюм түзүлгөндөн бери, ТМУнун алкагында жалпысынан 4 министрлер жыйыны, 5 жумушчу топ жыйыны жана 4 түрк айыл чарба иш форуму өткөрүлүп, айыл чарба кызматташтыгы “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040” жана “ТМУ 2022–2026 стратегиясы” сыяктуу негизги стратегиялык документтердин негизинде ишке ашырылып келет.
Айыл чарба тармагындагы кызматташтык боюнча жумушчу топтун алдындагы кичи топтор
ТМУнун Айыл чарба тармагындагы кызматташтык боюнча жумушчу тобунун алкагында түзүлгөн беш кичи топ бул тармактагы кызматташтыкты чыңдоону максат кылат. Ар бир кичи топ үчүн Мүчө-мамлекеттер координатор өлкөлөрдү аныкташкан. Бул топтор Иш-аракеттер планынын алкагындагы иш-чараларды аткаруу, зарыл механизмдерди түзүү жана өткөрүлгөн жыйындардын жыйынтыктарын ТМУнун Катчылыгына отчет кылуу милдетин аткарат:
- Илимий изилдөөлөр жана өнүктүрүү боюнча кичи топ – Түркия
- Айыл чарбанын экономикалык маселелери боюнча кичи топ – Азербайжан
- Жаңы айыл чарба технологиялары жана ыкмалары боюнча кичи топ – Өзбекстан жана Азербайжан
- Уруктар жана көчөттөр боюнча кызматташтык кичи тобу – Казакстан жана Кыргызстан
- Мал чарбачылыгы, балык чарбачылыгы жана суу продуктылары боюнча кичи топ – Кыргызстан жана Казакстан.
Нормативдик-укуктук алкак
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагындагы айыл чарба кызматташтыгынын укуктук негиздери төмөнкү документтердин негизинде түзүлгөн:
- Айыл чарба министрлеринин 1-жыйынынын жыйынтыктоочу билдирүүсү (4-Июль 2022-жыл, Ташкент)
- Айыл чарба министрлеринин 2-жыйынынын жыйынтыктоочу билдирүүсү (26-Сентябрь 2023-жыл, Баку)
- ТМУнун Кургакчылыкка каршы күрөшүү институтун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму (11-Ноябрь 2022-жыл, Самарканд)
- Айыл чарба министрлеринин 3-жыйынынын жыйынтыктоочу билдирүүсү (20-Март 2022-жыл, Тараз)
- ТМУнун Санариптик айыл чарба маалымат платформасын түзүү боюнча билдирүү (16-Июль 2024-жыл, Куба)
- Айыл чарба секторунда “OTS Made” өндүрүшүнө байланыштуу билдирүү (16-Июль 2024-жыл, Куба)
- Айыл чарба министрлеринин 4-жыйынынын жыйынтыктоочу билдирүүсү (25-Июнь 2025-жыл, Чолпон-Ата)
- ТМУнун Айыл чарба кызматташтыгы боюнча стратегиялык жол картасы (25-Июнь 2025-жыл, Чолпон-Ата)
Бул жыйындар жана документтер айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын институттук негизин түзүп, артыкчылыктарды аныктап, ТМУнун алкагында өзгөчө демилгелерди ишке ашырууну камсыз кылууда.
Долбоорлор
Түрк Айыл чарба бизнес форуму
Түрк айыл чарба форумдары түрк аймагында айыл чарба кызматташтыгынын негизги маселелеринде бирдиктүү талкуу аянтчасын түзүү, ишкерлер чөйрөсүнүн соода кызматташтыгын кеңейтүүнү демилгелөө, биргелешкен долбоорлор менен инвестицияларды өнүктүрүү, айыл чарбада алдыңкы технологияларды колдонууга өбөлгө түзүү жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү максатында ишке киргизилген. Форум Айыл чарба министрлеринин жыйындары менен параллелдүү өткөрүлүп, саясат менен практиканын ортосундагы тыгыз байланыштын түзүлүшүнө шарт түзөт.
- 1-Форум – Ташкент, Өзбекстан (4-Июль 2022-жыл)
- 2-Форум – Баку, Азербайжан (25–26-Сентябрь 2023-жыл)
- 3-Форум – Тараз, Казакстан (20-Март 2024-жыл)
- 4-Форум – Чолпон-Ата, Кыргызстан (26-Июнь 2025-жыл)
Форум өкмөттөрдүн, ишкерлер дүйнөсүнүн жана инвесторлордун ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган үзгүлтүксүз жолугушуу аянтчасына айланган.
Санариптик Айыл чарба маалымат платформасы
Бул долбоор ТМУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба статистикаларын, маалымат топтомдорун, каттоолорун жана мыкты тажрыйбаларын бирдиктүү санарип платформада чогултууну көздөйт. Ушунун натыйжасында өнүккөн технологиялар жана мыкты тажрыйбалар боюнча маалымат алмашуу аркылуу мүчө мамлекеттердин ортосунда ийкемдүү, жыйынтыкка багытталган кызматташтыктар жана өнөктөштүктөр жеңилдейт. 2024-жылдын 16-июлунда ТМУнун айыл чарба борбору деп жарыяланган Куба шаарында өткөн жыйындын жыйынтыгында бул платформаны түзүүгө байланыштуу Билдирүү кабыл алынган.
“OTS Made” Брэнди
Бул долбоор ТМУга мүчө мамлекеттер арасында айыл чарба өндүрүшүн, таңгактоону жана продукциялардын түрдүүлүгүн илгерилетүүнү максат кылган “OTS Made” брэндин түзүүнү көздөйт. Азербайжандын демилгеси менен 2023-жылдын 26-сентябрында Бакуда өткөн Айыл чарба министрлеринин 2-Жыйынында долбоор күн тартибине киргизилген. Долбоор мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциялары үчүн ишенимдүү жана жалпы бренддик идентификацияны түзүүнү максат кылат. 2024-жылдын 18-июлунда Кубада өткөн жыйында бул брэндди түзүү боюнча Декларацияга кол коюлган.
Регионалдык Азык-Түлүк Резерв Системасы
Өзбекстан тарабынан демилгеленген бул долбоор түрк дүйнөсүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Регионалдык азык-түлүк резерв системасы аркылуу ачарчылык, жетишсиз тамактануу жана азык-түлүктүн тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү биргелешкен аракеттер менен чечүү; жергиликтүү өндүрүштү жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдарда жетиштүү азык-түлүк менен камсыз кылуу каралган. Бул алкактa көп тараптуу “Азык-Түлүк Коопсуздугу жөнүндө Келишимдин” долбоору мүчө мамлекеттердин кароосуна сунушталган.
Биргелешкен Айыл Чарбаны Камсыздандыруу Системасы
Бул долбоор аркылуу ТМУ мүчө мамлекеттеринин ортосунда Түркиянын Айыл чарбасын камсыздандыруу фонду (TARSİM) тажрыйбасына негизделген биргелешкен айыл чарбаны камсыздандыруу системасын түзүү максат кылынат. Ушул багытта Түркия тарабынан “Биргелешкен айыл чарбаны камсыздандыруу системасын түзүү жөнүндө түшүндүрмө кагаздын” долбоору даярдалып, мүчө мамлекеттердин кароосуна берилген.
Башка долбоорлор
Азыркы күнгө чейин ТМУнун Айыл чарба министрлери төрт жолу чогулушкан. Ошондуктан көптөгөн долбоорлор али баштапкы стадиясында турат. Өзгөчөлөнгөн башка долбоорлордун айрымдары төмөнкүлөр:
- ТМУ алкагында институционалдык үрөн кызматташтыгын түзүү / ТМУ Үрөн Бирлигин түзүү.
- Бул долбоор өсүмдүк сортторунун жана үрөндөрдүн эркин жүгүртүлүшүн жеңилдетип, дыйкандардын үрөнгө жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтөт жана үрөн өндүрүшүндө коопсуздукту жана камсыздоону чыңдайт.
- Халал Сертификациясы боюнча Ислам Өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана Метроло́гия институту менен кызматташуу.
- Бул долбоор халал продукциялардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат, Түрк мамлекеттери үчүн жаңы базарларды ачат жана дүйнөлүк халал продукциясына болгон суроо-талаптан пайдаланууга мүмкүндүк берет.
- Орто́к мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуу: “e-agro”, эрте эскертүү жана географиялык маалымат системалары, дыйкан каттоо системалары.
- Бул долбоор жаңы айыл чарба технологияларын жана санариптик айыл чарба чечимдерин өткөрүп берүүнү, азык-түлүк баалуулук чынжырынын натыйжалуулугун жана камтуусун арттырууну максат кылат.
Last Update: 10:38:16




