9 - Диаспора менен кызматташтык
9 - Диаспора менен кызматташтык

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) көп тараптуу саясий кызматташтыгынын конкреттүү жыйынтыктарынын бири — түрк мамлекеттеринин диаспоралары ортосундагы кызматташтыктын тереңдеши болуп саналат. Уюмдун негизги максаттарынын бири — мүчө мамлекеттердин дүйнөлүк деңгээлдеги имиджин жакшыртуу жана биздин эл жашаган өлкөлөрдө коомдук пикирге таасир этүүдө активдүү ролду ойноо болуп саналат.

Ушул максатта, ТМУ бүгүнкү күнгө чейин диаспора маселелери боюнча жооптуу министрлердин жана мекеме жетекчилеринин алты жыйынын, ошондой эле мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин адистерин камтыган жети Байланыш тобунун жыйынын өткөрдү. Бул жыйындардын негизинде “Түрк диаспорасынын биргелешкен иш-аракеттер стратегиясы” кабыл алынып, анда диаспоралардын негизги максаттары, артыкчылыктуу багыттары жана келечектеги аракеттер боюнча негизги багыттар аныкталган. Ошондой эле, мүчө мамлекеттер айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө бирдиктүү реакция кылуу максатында түрк диаспоралары үчүн жыл сайын «Биргелешкен аракеттер планын» иштеп чыгышат.

Мындан тышкары, дүйнөнүн түрдүү булуң-бурчунан келген жүздөгөн диаспоралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, илимпоздордун, ишкерлердин, ЖМК өкүлдөрүнүн жана студенттердин катышуусунда үч жолу “Түрк диаспора форуму” өткөрүлдү. Бул форумдарда диаспора өкүлдөрү учурдагы абал, келечектеги муктаждыктар жана өз ара координацияны чыңдоо тууралуу талкуу жүргүзүштү.

ТМУнун жогоруда аталган негизги документтеринде көрсөтүлгөн багыттарга ылайык, мүчө жана байкоочу мамлекеттердин борбордук диаспоралык мекемелери арасында тажрыйба алмашуу жана тажрыйбалык практикалар (стажировкалар) боюнча туруктуу программалар уюштурулуп келет. Бул жыйындарда тиешелүү мекемелер өздөрүнүн укуктук базалары, түзүмдөрү, өлкө ичинде жана чет өлкөдөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана тажрыйба бөлүшөт. Ошондой эле, түрк диаспораларынын жашоо-турмушунун укуктук, социалдык, экономикалык, маданий жана билим берүү аспектилери боюнча кеңири маалымат алмашылат. Чет өлкөлөрдөгү ар түрдүү диаспора уюмдарынын ортосунда координацияны жана кызматташууну бекемдөө үчүн Берлинде жана Нью-Йоркто эки жолу «Мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча окутуу» программасы өткөрүлдү.

ТМУ 3-октябрь – Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнүн жана Нооруз майрамын жыл сайын ТМУга төрагалык кылган мамлекеттин элчилиги тарабынан чет өлкө борборлорунда, дипломаттардын, диаспора өкүлдөрүнүн жана кабыл алуучу өлкөнүн расмий адамдарынын катышуусунда белгилейт. Ушундай эле майрамдык иш-чараларды ТМУнун Будапешттеги өкүлчүлүгү да уюштурат.

Ошондой эле ТМУ диаспорадагы жаштардын, ишкерлердин жана илимий кызматкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана уюмдун ишмердүүлүгүнө активдүү тартуу максатында атайын программаларды уюштурат. Бул багытта Диаспора жаштар форуму ишке ашырылып, үчүнчү өлкөлөрдө жашаган түрк тектүү жаштар мүчө мамлекеттерде өткөрүлгөн атайын лагерлерде чогулуп, негизги муктаждыктарын жана келечектеги иш-аракеттерин талкуулашат, ошондой эле түрк диаспора жаштарынын ортосундагы байланышты бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.


Last Update: 16:29:15