Байкоочу мамлекеттер
Түркмөнстан 2021-жылдын ноябрында Түркияда өткөн ТМУ саммитинде Уюмга байкоочу мүчө катары кошулган.
Түндүк Кипр Түрк Республикасы 2022-жылдын ноябрында Самаркандда өткөн саммитте Уюмга байкоочу мүчө болуп кошулган.
Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) 2023-жылдын 3-ноябрында Астанада өткөн ТМУнун 10-саммитинде Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен Уюмга байкоочу макамын алган.








