БУУнун Цивилизациялар Альянсы (БУУ ЦА)

БУУнун Цивилизациялар Альянсы (БУУ ЦА)

Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсы (БУУ ЦА) ортосундагы расмий мамилелер 2016-жылдын 20-октябрында Стамбул шаарында өткөн “Зомбулук экстремизмди алдын алуу жана ага каршы турууда жаштардын ролу: билимден радикалдашуудан арылтууга чейинки ар тараптуу ыкмалар” аттуу эл аралык конференциянын алкагында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум менен башталган. Бул конференцияны ТМУ жана БУУ ЦА биргелешип уюштурган жана анда жаштардын экстремизм жана радикалдашууга каршы күрөшүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулган. Африкадан Азияга чейин 40тан ашуун өлкөдөн келген 300дөн ашуун жаштар, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

ТМУнун Башкы катчысы менен БУУ ЦАнын Жогорку өкүлүнүн ортосундагы тыгыз байланыштар жана 2016-жылы Стамбулда өткөрүлгөн конференциянын чечимдеринин негизинде 2017-жылдын декабрь айында Стамбулда Жаштардын Диалог алмашуу программасы өткөрүлгөн. Бул программа БУУ ЦА жана ТМУга байланыштуу жаштарга тажрыйба жана идея алмашууга мүмкүнчүлүк берип, ошондой эле жаштарды күчтөндүрүү маселелерин талкуулоо үчүн аянтча катары кызмат кылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында Нью-Йоркко жасалган расмий сапарынын учурунда ТМУнун Башкы катчысы 2019-жылдын 27-сентябрында БУУ ЦАнын Жогорку өкүлү менен жолугушуп, 2016-жылы кол коюлган меморандумдун негизинде эки уюмдун расмий кызматташуусун улантууга даяр экендиктерин билдиришкен. Катчылык БУУ ЦА менен жаштарды күчтөндүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташууну уланта берерин дагы бир жолу ырастады.

БУУ ЦАнын Жогорку өкүлү Аль-Нассердин чакыруусу менен ТМУнун Башкы катчысы Б.Амреев 2019-жылдын 28-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясында өткөн “Көпүрө куруу: тынчтык маданиятын илгерилетүүдө жумшак күчтү колдонуу” темасына арналган БУУ ЦАнын Достор тобунун министрлер жыйынында сөз сүйлөгөн. Ал өз сөзүндө цивилизациялар аралык глобалдык диалог процесси, БУУ ЦАнын маданияттар жана диндер аралык диалогдогу ролу, ошондой эле ТМУ менен БУУ ЦА ортосундагы кызматташтык тынчтык маданиятын илгерилетүүгө тийгизе турган таасирине басым жасаган. Бул министрлер жыйынына 31 өлкө жана 5 эл аралык уюм катышкан жана ТМУнун Башкы катчысы БУУнун штаб-квартирасында алгачкы жолу сөз сүйлөгөн. Мырза Аль-Нассер эки уюмдун ортосундагы кызматташтыкты жогору баалаган.

Башкы катчы ошондой эле 2018-жылдын 19–20-ноябрында Нью-Йоркто өткөн БУУ ЦАнын Диалогго умтулуу: тынчтыкты сактоо жана алдын алуу боюнча өнөктөштүк” темасындагы 8-глобалдык форумуна чакырылган.