СКЭУ жана СТАС ГА

СКЭУ жана СТАС ГА
2015-жылдын август айында Стамбулда Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) менен спортту коргоо үчүн эл аралык саясаттарды, стратегиялык реформаларды жана чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган коммерциялык эмес уюм болгон Спорттук коопсуздук боюнча эл аралык борбор (СКЭУ же англ. ICSS) Өз ара түшүнүшүү меморандумуна (ӨТМ) кол коюшкан.

СКЭУ жана анын "Кыялдарыңды коргоо" (англ. Save the Dream) аттуу жаштар менен иштөө багытындагы бөлүмү экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, оюндар тууралуу жарнак фильм даярдашкан. Бул фильм негизги спорт платформаларында, социалдык тармактарда жана телеканалдарда көрсөтүлүп, белгилүү журналдарда макалалар жарыяланганы менен дүйнөгө биздин маданиятты жана салттарды таанытууга чоң салым кошкон. Ошондой эле ТМУ жана СКЭУ 2016-жылдын октябрь айында Стамбулда ТМУ менен БУУнун Цивилизациялар Альянсы (UNAOC) тарабынан уюштурулган “Зордукчул экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө жаштардын ролу” эл аралык конференциясында “Спорт — зордукчул экстремизмдин алдын алуу каражаты катары” деген темада панелдик сессия өткөрүшкөн.

Мындан тышкары, ТМУ 2016-жылдын апрель айында спорттун тазалыгын жана адилеттүүлүгүн коргоого багытталган эл аралык демилге болгон Спорттун таза жана адилеттигин сактоого багытталган Глобалдык альянс (СТАС ГА же англ. SIGA) негиздөөчү мүчө катары кошулган. 2018-жылы SIGAнын 8-Башкы Ассамблеясында Түрк Кеңешинин Башкы катчысы SIGA Кеңешинин Төрага орун басары болуп шайланган. Кеңештин Төрагасы — дүйнөгө таанылган саясатчы, Италиянын Тышкы иштер министри жана Европа Комиссиясынын Вице-президенти болгон Франко Фраттини.

Башкы катчы СКЭУнун Дохадагы баш кеңсесине эки расмий сапар жасап, эки уюмдун келечектеги кызматташтык багыттарын талкуулаган жана Катардын Премьер-министри, Маданият жана спорт министри, Соода-өнөр жай палатасынын Төрага орун басары сыяктуу маанилүү расмий өкүлдөрү менен жолугушкан.