26 - Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология министрликтеринин ортосундагы кызматташтык
26 - Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология министрликтеринин ортосундагы кызматташтык

Максаттар

Уюмдун негизги документтери, айрыкча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» жана ТМУнун 2022–2026-жылдарга арналган стратегиясымүчө мамлекеттердин улуттук жана биргелешкен саясатында айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү маселелерине артыкчылык берип, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, ага жооп кайтаруу жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди карайт.

Механизмдер

Мүчө жана байкоочу мамлекеттердин негизги мекемелери жана эл аралык уюмдар менен суу ресурстарын башкаруу, сугат, кургакчылыкты алдын алуу жана башка экологиялык маселелер боюнча кызматташтыкты жолго коюу максатында 2022-жылдын 10-ноябрында Самарканд шаарында ТМУнун Катчылыгы менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосунда ТМУнун Кургакчылыкты алдын алуу институтун түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Бул институт Будапешт шаарындагы ТМУнун өкүлчүлүгүнүн алдында өз ишин баштаган.

Мындан тышкары, Катчылыктын демилгеси менен 2024-жылдын 14-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча рамкалык конвенциясынын Тараптар конференциясынын (COP 29) 29-сессиясынын алкагында ТМУнун айлана-чөйрө жана экология боюнча министрлеринин биринчи жыйыны өткөрүлгөн. Бул алгачкы жолугушуу ТМУнун экология, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү багыттарындагы кызматташтык механизмине жаңы жол ачкан.

Уюлдашуу негиздери

ТМУнун алкагында экология жана айлана-чөйрө жаатындагы кызматташтык боюнча төмөнкү негизги документтер кабыл алынган:

  • 2024-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн ТМУнун 11-саммитинин алкагында «Түрк Жашыл Көз Карашы: Туруктуу келечек үчүн бирдик» документине кол коюлган;
  • ТМУнун экология жана айлана-чөйрө үчүн жооптуу министрлеринин биринчи жолугушуусунун декларациясы.


Last Update: 16:25:05