Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданий уюму (ИДБИМУ же англ. ICESCO) өзүнүн мүчө өлкөлөрүнүн мандаты боюнча ислам дүйнөсүндө билим берүүнү, илимди жана маданиятты өнүктүрүүгө жооптуу. Ал Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) алкагындагы негизги институт катары кызмат кылат жана мүчө өлкөлөр арасында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга, маданий мурастарды сактоого, илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Өнөктөштүктү түзүү
ТМУ менен ИДБИМУ өз ара мамилелерин кызматташтык Меморандумунун негизинде расмий бекитишти. Меморандум 2024-жылдын 13-июнунда Марокко Падышалыгынын Рабат шаарында кол коюлган.
Кызматташтык алкагын кеңейтүү
2024-жылдын 11-ноябрында ТМУ Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Омуралиев Азербайжандын Баку шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын Өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын (COP-29) алкагында ИДБИМУнун Башкы директору доктор Салим М. Аль-Малик менен жолугушту.
Негизги багыттар жана келечектеги кызматташтык
- Айлана-чөйрөнү коргоо;
- Климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүү.
Учурда тараптар 2025-жылы биргелешкен иш-аракеттер планын кабыл алууну күтүшүүдө.




