1964-жылы Ислам Республикасы Иран, Ислам Республикасы Пакистан жана Түркия Республикасынын демилгеси менен Аймактык кызматташтык форуму (RCD) катары негизделип, 1985-жылы Экономикалык Кызматташтык Уюму (ЭКУ) болуп өзгөртүлгөн.
ЭКУ аймагы 460 миллионго жакын калкты камтып, 8 миллион чарчы чакырымдан ашуун аймакты ээлейт. Бул аймак түндүктү түштүк менен, түштүк менен чыгышты батыш менен, Азияны Европа жана Евразияны Араб дүйнөсү менен байланыштырат. Кавказ, Түштүк, Батыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүн камтыган ЭКУ эң эски өкмөттөр аралык уюмдардын бири болуп саналат.
Уюмдун негизги жана түпкү максаты — мүчө мамлекеттердин биргелешкен бакубатчылыгы жана өркүндөөсү үчүн аймакта туруктуу экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүгө шарт түзүү.




