Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Стамбулда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент төрагалары тарабынан кол коюлган Стамбул келишими менен түзүлгөн. ТүркПА мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатын көздөйт.
ТүркПАнын Катчылыгы Бакуда жайгашкан жана эл аралык уюм макамына ээ. Тарыхый, маданий жана тилдик жакындыкка негизделген уюм мүчө мамлекеттердин ортосунда парламенттик дипломатия аркылуу саясий диалогду өнүктүрүүнү, улуттук мыйзамдарды шайкештештирүүнү жана парламенттик кызматташтыкка байланыштуу башка багыттарда өз ара аракеттерди күчөтүүнү максат кылат.
ТүркПАнын эң жогорку чечим кабыл алуучу органы – Тараптардын Парламент төрагаларынын курамынан турган Ассамблея Кеңеши болуп саналат. Ассамблея Кеңеши Тараптардын ортосундагы кызматташуунун өнүгүү жолдорун жана келечегин аныктайт, Ассамблеянын максаттары менен милдеттеринин аткарылышын жөнгө салат. Ассамблеяда юридикалык жана эл аралык байланыштар, экономикалык кызматташтык, социалдык, маданий жана гуманитардык иштер, экология жана табигый ресурстар боюнча төрт туруктуу адистештирилген комиссия бар. Комиссиялар өз ыйгарым укуктарынын алкагында маселелерди карашат, Ассамблея Кеңешинин чечимдерин жана Пленардык жыйында кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну камсыз кылышат, сунуштар менен документтерди карап чыгышат, отчеттор менен сунуштамаларды кабыл алышат жана аларды Пленардык жыйындарда сунушташат.
Мүчө мамлекеттер ортосунда мыйзам чыгаруу кызматташтыгын өнүктүрүүнү жайылтуу жана тиешелүү тармактарда отчеттор менен сунуштамаларды кабыл алуу менен катар, ТүркПА комиссиялардын ишине кесиптик салым кошуу максатында эксперттик семинарларды өткөрөт, парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү ар түрдүү темалар боюнча эл аралык конференциялар жана форумдар уюштурат. ТүркПА ошондой эле мүчө мамлекеттердеги шайлоолордун улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга шайкештигин көзөмөлдөө максатында эл аралык шайлоо байкоо миссияларын жүргүзөт.
Толук маалыматты ТүркПАнын расмий веб-сайтынан алсаңыз болот: https://turk-pa.org/en




