Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев, 2025-жылдын 20-ноябрында Стамбул шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин Жогорку Көзөмөлдөө Органдарынын 1-Жыйынында ачылыш сөзүн жасады.
Өз сөзүндө Башкы катчы Өмүралиев, жогорку көзөмөлдөө органдарынын түрк дүйнөсүндө ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти жана натыйжалуу башкарууну илгерилетүүдөгү маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле, ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда бул тармактагы институттук кызматташууну чыңдоонун маанисине токтолду.
Башкы катчы, көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү Түрк мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнө, экономикалык туруктуулугуна жана терең интеграциясына салым кошорун баса белгиледи. Ал ошондой эле ТМУнун биргелешкен потенциалды жогорулатуу демилгелерине, мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана эл аралык нормаларга шайкеш, биргелешкен стандарттарды иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Катышуучулар мамлекеттик сектордогу көзөмөлдөө ишин өнүктүрүүгө багытталган ТМУнун аракетин кубаттап, өз ара кызматташууну институционалдаштырууну алдыга жылдыруу ниеттерин билдиришти.
Жыйындынын маанилүү жыйынтыктарынын бири — Түрк мамлекеттеринин Жогорку Көзөмөлдөө Органдары Биримдигин (TURKSAI) түзүү жөнүндө Билдирүүгө кол коюлушу болду.












