2025 - жылдын 24-октябрында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Өнөр жай, илим, технология жана инновация боюнча жооптуу министрлеринин 2-жыйыны “Стратегиялык өнөктөштүктөн түрк мамлекеттеринин технологиялык интеграциясына карай” деген тема алдында Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөрүлдү.
Мүчө мамлекеттер 2025–2026-жылдарга карата жаңыртылган иш-аракеттер планын жана биргелешкен билдирүүнү кабыл алуу менен, түрк дүйнөсүндө инновацияны өнүктүрүү, санариптик трансформацияны колдоо жана өнөр жай тармагындагы кызматташууну чыңдоо боюнча өз милдеттенмелерин дагы бир жолу тастыкташты.












