Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Юстиция министрлеринин 2-жыйыны Бакуда болуп өттү

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Юстиция министрлеринин 2-жыйыны Бакуда болуп өттү

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Юстиция министрлеринин 2-жыйыны 2025-жылдын 20-ноябрында Азербайжан Республикасынын борбору Бакуда болуп өттү.

Жыйын Азербайжан Республикасынын Юстиция министри Фарид Ахмадовдун төрагалыгы алдында өтүп, ага Казакстан Республикасынын Юстиция министри  Ерлан Сарсембаев, Түркия Республикасынын Юстиция министри Йылмаз Тунч, Өзбекстан Республикасынын Юстиция министри  Акбар Ташкулов, Кыргызстан Республикасынын Юстиция министринин орун басары  Искендер Сыдыгалиев жана ТМУнун Башкы катчысы Элчи Кубанычбек Өмүралиев катышышты.

Башкы катчы өз сөзүндө ТМУнун алкагында сот жана мыйзам чыгаруу тармактарында жүргүзүлүп жаткан ар кандай кызматташуу механизмдерине токтолуп, Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын, айрыкча жарандык иштер боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана санариптештирүү багыттарында тийиштүү кызматташуу механизмдерин түзүү жагынан маанилүү экенин белгиледи.

Катышуучулар өз өлкөлөрүнүн укуктук системалары жана ТМУга мүчө мамлекеттер менен жүргүзүлүп жаткан эки тараптуу кызматташтыктар тууралуу маалымат беришип, Юстиция министрликтеринин ортосунда санариптештирүү тармагында тажрыйба алмашуунун маанисине көңүл бурушту.
Жыйындын жүрүшүндө ТМУнун Юстиция министрлеринин 2-жыйынынын Жалпы билдирүүсүнө кол коюлду. Кийинки — 3-жыйын 2026-жылы Түркия Республикасында өткөрүлө турган болду