Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар Кеңешинин 18-жыйыны 2025-жылдын 3–4-ноябрында Баку шаарында болуп өттү.
Жыйында Аксакалдар Кеңешинин мурдагы сунуштарынын аткарылышы каралып, орток түрк алфавити, орток түрк тарыхы сыяктуу маанилүү демилгелер, ошондой эле ТМУнун Будапешттеги расмий эмес саммитинин жана 12-Габала саммитинин жыйынтыктары талкууланды.











