Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 12-Саммити болуп өттү

Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 12-Саммити болуп өттү

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев төрагалыгы алдында 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында «Аймактык тынчтык жана коопсуздук» темасында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 12-Саммити болуп өттү.

Саммитке Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөн элинин Улуттук Лидери, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар жана ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле, ТМУнун Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышты.