Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) 12-жыйыны 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжандын #Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 12- Саммитинин алкагында өткөрүлдү.
Жыйынга Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов төрагалык кылды. Аталган жыйынга Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто жана ТМУнун Башкы катчысы Элчи Кубанычбек Өмүралиев катышты.



























