2025-жылдын 13-октябрында Америка Кошмо Штаттары, Түркия, Катар жана Египеттин дипломатиялык аракеттеринин негизинде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин дүйнө лидерлеринин катышуусунда өткөн Тынчтык үчүн Шарм-эш-Шейх саммитин кубаттайм.
Ок атышууну токтотуу Газа тилкесиндеги кагылышуулар менен азап-тозокту биротоло токтотууга, ошондой эле гуманитардык жардамдын Газага дароо жана тоскоолдуксуз кирүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенем. Тараптар бул баалуу мүмкүнчүлүктү пайдаланып, алдыдагы мезгилде палестиналыктар менен израилдиктердин тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашоосуна шарт түзгөн эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырышат деп чын дилимден үмүттөнөм. Элчи Кубанычбек Омуралиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы






