ТМУ Башкы катчысы Мексика Парламентинин Тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы жана достук топторунун өкүлдөрү менен жолукту

ТМУ Башкы катчысы Мексика Парламентинин Тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы жана достук топторунун өкүлдөрү менен жолукту

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Мексикадагы иш сапарынын алкагында Мексика Парламентинин Тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы Педро Васкес, ошондой эле Азербайжан, Казакстан жана Түркия менен болгон достук топторунун төрагалары-  Дулсе Корина Вильегас Гуарнерос, Марибель Мартинес Руис жана Элда Кастильо Кинтана менен жолугушту.

Жолугушуу Мексикадагы Казакстан Республикасынын Элчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, ага Мексика Парламентинин Тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөлөрү да катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташууну чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү жана Мексика менен түрк мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү ТМУнун алкагында илгерилетүү маселелерин талкуулашты.