2025-жылдын 16-октябрында Ташкент мамлекеттик Чыгыш таануу университетинде (ТМЧТУ) «Караханийлер – Алп Эр Тунганын (Афросийоб) тукумдары: Караханийлер доорундагы түрк жана ислам дүйнөсү» аттуу эл аралык илимий конференция өттү.
Конференциянын ачылышында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конратбай Шарипов, Ташкент Мамлекеттик Чыгыш таануу университетинин ректору Гүлчехра Рыхсиева, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк академиясынын президенти Шахин Мусафаев жана Өзбекстан Улуттук медиа ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Шерзодхон Кудратхожа сөз сүйлөштү.



















