ТМУнун Башкы катчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Түркиядагы туруктуу координатору менен жолукту. 

ТМУнун Башкы катчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Түркиядагы туруктуу координатору менен жолукту. 

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 11-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Түркиядагы туруктуу координатору доктор Бабатунде A. Aхонсини ТМУнун  Стамбулдагы катчылыгында кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Башкы катчы Өмүралиев ТМУнун соңку ишмердүүлүгү, Мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар кандай багыттардагы кызматташтык иштеринин жүрүшү, ошондой эле  БУУнун уюмдары жана органдары менен учурдагы кызматташтык тууралуу маалымат берди.

Тараптар туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселесинде пикир алмашып, өзгөчө түрк дүйнөсүндө «таштандысыз коом» демилгесин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерге басым жасашты.

Ошону менен бирге тараптар уюмдук диалогду жана координацияны тереңдетүүгө карата өз ара каалоосун билдиришти. Аймактык жана глобалдык деңгээлдеги учурдагы кыйынчылыктарга каршы күрөшүү алкагында туруктуу өнүгүү жана аймактык бакубаттыкты жогорулатууга багытталган биргелешкен милдеттенмелерин дагы бир жолу тастыкташты.