Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Euronews телеканалына берген маегинде, Түрк мамлекеттери менен Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарынын өсүп жатканын, аймактын динамикалуу өнүгүүсүн жана стратегиялык потенциалын баса белгиледи.
Ошондой эле ТМУнун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Габала шаарында өткөн акыркы лидерлер саммити тууралуу да маалымат берди.




