Бүгүн биз 3-октябрь – Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнүн жана Нахчыван келишиминин кабыл алынышынын 16 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Бул күн биздин институционалдык жетишкендиктерибизди гана эмес, түрк элдеринин тээ илгертен бери уланып келген биримдигин, ынтымагын жана боордоштук мамилесин да даңазалайт. Өткөн 16 жыл ичинде Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) ар тараптуу кызматташтыктын кеңири аянтчасына айланды. Башында бир нече тармак менен чектелген Уюмубуз бүгүнкү күндө саясаттан тартып соодага, транспорттон энергетикага, санариптешүүдөн жашыл экономикага, саламаттыкты сактоодон билим берүүгө, жаштар саясатын өнүктүрүүдөн космостук изилдөөлөргө чейин 40тан ашуун багытты камтыган масштабдуу кызматташтык деңгээлине жетти. Бул жетишкендиктер биздин тарыхый жана маданий байланышты реалдуу кызматташтыкка айландыруу боюнча биргелешкен эркибиздин жана чечкиндүүлүгүбүздүн натыйжасы.
Албетте, мындай ийгиликтер мамлекет башчыларыбыздын бекем эрки, тышкы иштер министрлерибиздин туура багыты, бардык мүчө жана байкоочу мамлекеттерибиздин активдүү аракетинин аркасында мүмкүн болду. Өткөн жыл ичинде Кыргызстан Уюмубуздун төрагалыгын ийгиликтүү аткарып, маанилүү демилгелерди ишке ашырып, күн тартибибизди алдыга жылдырды. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстанга терең ыраазычылык билдирем. Эми алдыдагы 7-октябрда Габала шаарында өтө турган Мамлекет башчыларынын 12-саммитинде төрагалык Азербайжанга өткөрүлүп берилет. Азербайжан бул күчтүү мурасты улантып, кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрөт деп ишенебиз. Бул өзгөчө күндү белгилөө менен бирге биз келечекке ишеним менен карайбыз.
Түрк мамлекеттер уюму саясий диалогду чыңдоону, экономикалык байланышты тереңдетүүнү жана маданий алмашууну илгерилетүүнү улантуу менен бирге эл аралык аренада да жалпы үнүбүздү бийик чыгара бермекчи. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мүчө жана байкоочу мамлекеттерибиздин элине жана өкмөттөрүнө эң чын ыкластуу куттуктоолорумду жана эң терең ыраазычылыгымды билдирем.
Биримдигибиздин уландысын, кызматташуубуздун тереңдешин жана жалпы көрөгөч максаттарыбыздын бизди тынчтыкка, туруктуулукка жана бакубатчылыкка жеткирүүсүн каалайм.
Түрк Мамлекеттеринин Кызматташтык күнү кут болсун!
Урматтоо менен,
Кубанычбек Өмүралиев
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы










