Түрк Кеңешинин Бешинчи Саммитине арналган атайын басылма

Түрк Кеңешинин Бешинчи Саммитине арналган атайын басылма

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин салымы менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан «Түрк Кеңешинин Бешинчи Саммити: Евразиядагы регионалдык кызматташтыктын өсүп жаткан катышуучусу» аттуу атайын басылма даярдалган.

Бул басылма Түрк Кеңешинин Башкы катчысы элчи Рамил Хасановдун «Түрк Кеңеши: Евразияда кызматташууну чыңдоочу күчтүү аймактык механизм» деген макаласы менен башталып, Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Элмар Мамедъяровдун, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ерлан Идрисовдун, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Феридун Х. Синирлиоглунун макалаларын камтыйт. Ошондой эле Түрк Кеңешине караштуу мекемелер болгон ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы профессор Дүйшөн Касеиновдун, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Жандос Асановдун, Түрк Академиясынын президенти профессор Дархан Кыдырəлинин жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гюнай Афандиеванын макалалары, ошондой эле мүчө мамлекеттердин расмий тышкы саясат боюнча стратегиялык изилдөө борборлорунун директорлорунун макалалары да жарыяланган.

Бул басылма аркылуу Түрк Кеңешинин акыркы беш жыл ичинде регионалдык кызматташтыкка кошкон салымы, ошондой эле келечектеги долбоорлору ар кандай аспектерде талданып, коомчулукка сунушталган. Региондогу туруктуулукту, гүлдөөнү жана өнүгүүнү чыңдоо максатында Кеңеш тарабынан жасалган кадамдар бул атайын басылмада кеңири чагылдырылган.

Бул басылма 2015-жылдын 11-сентябрында Астана шаарында өткөн Түрк Кеңешинин Бешинчи Саммитинде мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларына тартууланган.