2023-жылдын 3-ноябрында Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 10-саммитине арналган “21-кылымдын жаркыраган жылдызы: Түрк Мамлекеттер Уюму” аттуу китеп Түркия Республикасынын Президенттигинин Коммуникациялар Башкармалыгы тарабынан жарыяланды:
https://www.iletisim.gov.tr/images/uploads/dosyalar/21_YUZYILIN_PARLAYAN_YILDIZI_TDT.pdf
Китепке Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган кириш сөз жазган. Басылмада Түрк Мамлекеттер Уюмунун мүчө мамлекеттери менен Түркиянын достук жана бир туугандык байланыштары аркылуу бекемделген мамилелери көрсөтүлүп, экономикадан маданиятка, транспорттон энергетикага, саламаттыктан билим берүү, маалымат каражаттарынан илим жана технологияга чейинки ар түрдүү тармактар камтылган.




