ВЕНГРИЯ

ВЕНГРИЯ

Венгрия Борбордук Европада жайгашкан. Анын коңшу мамлекеттери: түндүгүндө — Словакия, чыгышында — Украина жана Румыния, түштүк жана түштүк-батышында — Сербия, Хорватия жана Словения, ал эми батышында — Австрия.

Жалпы маалымат

Борбору Будапешт
Жалпы аянты 93 030 км²
Калкынын саны 9,6 миллион (2023)
Ички дүң продукт (ИДП) 180 млрд АКШ доллары (2021)
Расмий тил(дер) венгер тили
Саясий түзүлүшү Парламенттик республика
Евросоюзга мүчө мамлекет 2004-жылдын 1-майы
Акча бирдиги Венгр форинти (HUF)